Москвада “такырбаштарды” соттошууда

Бүгүн Москва шаардык сотунда он улутчул “такырбаштардын” соту башталат. Аларга өткөн жылдын феврал-март айларында Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын жарандарына кол салган деген айыптар коюлууда. Тергөөнүн жүрүшүндө “такырбаштар” бул үч мигрантты катуу сабаганы, натыйжада кыргызстандык мигрант ошол жерден мерт кеткени аныкталды.