Баткенге согушчандар басып киргенине он жыл болду

1999-жылы 30-июлдан 31-июлга караган түнү Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз басып кирип, Баткендин Зардалы айылын ээлеп алышкан. Кыргыз армиясы бул жылы өзүнүн аскердик даярдыксыздыгын көрсөтүп, ондогон аскерлеринен айрылган, андан тышкары жергиликтүү тургундардан да запкы тарткандар болгон.
Өлкөнүн куралдуу күчтөрү, кыргыз өкмөтү буга байланыштуу бүгүн иш-чара өткөрөрү белгисиз. Баткенде Зардалыдагы Коргон чек ара заставасы Баткен коогалаңынын он жылдыгына карата анда курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу Зардалы айлынын башчысы Абдулазиз Маатов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.
Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандарынын Кыргызстандын чек арасын бузуп кирүүсү 2000-жылы да кайталаган. Бул жылы дагы кыргыз армиясы ондогон жоокерлеринен айрылган.(ZKo)