Испанияда бомбадан 50 чакты киши жараат алды

Полиция маалыматына ылайык, бомба Испаниянын түндүгүндөгү Бургос шаарында жарандык гвардиянын барактарынын сыртында жарылды. 46 кишинин көбү чачыраган айнектен жеңил жараат алышты. Полиция баск сеператисттеринин ЭТА уюмунан шектенүүдө. ЭТА Испаниянын түндүгүндө жана ага чектеш Франциянын түштүгүндө көз карандысыз баск мамлекети үчүн 40 жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келатат. ЭТА 800дөн ашык кишинин өмүрү үчүн жоопкер деп саналат.