Ооганстан Гуантанамодогу бир туткунду кабыл алат

Ооган бийлиги Гуантанамодогу америкалык аскер абагында кармалгандардын бирин кабыл алууга даяр. АКШнын аскер соту Мохаммед Жавадды 2002-жылы Ооганстанда америкалык жоокерлерге кол салган деп айыптаган. Ал убакта 12 жаштагы Жавад жоокерлер тобуна граната ыргыткан. Жаваддын адвокаттары ал чукул арада Ооганстанга жиберилиши керек деп эсептешет.