Д. Ошурахунова: Арыз карагандан баары баш тартууда

- БШК эл аралык жана жарандык коомдун байкоочулары тарабынан шайлоо күнү болгон көптөгөн мыйзам бузууларды каттаганын танып жокко чыгарды, негизинен фактылар жок деген шылтоо айтылып атат. Байкоочуларга фактыларды каттоого эмне тоскоол болду?

- Бизде актылар бар. Эгерде Кыргызстанда мыйзам бузуулар болсо ар бир кыргызстандык жаран мамлекетке кайрылат. Мамлекет мыйзам бузуу жөнүндө фактыны дароо текшериши керек. Бирок ошого карабастан актылар толтурулгандан кийин да шылтоолорду таап арыздарды карабай атышат.

24-июлда райондук шайлоо комиссияларына кайрылсак, алар биз үлгүрбөй атабыз, жыйынтык боло элек, ошонун баарын тактап атабыз, биз баары такталмайынча силерден эч кандай арыз алабайбыз деп баш тартты. Эртең келгиле деди.

Макул деп алтынчы күнү барсак, бек экен. Алтынчы, дем алыш күнү булар иштешкен жок, бекинип алып. Кайсы жерге кайрыларыбызды билбей, биздин юрист сотко кайрылды. Сот карабай, силер процедураны бузуп атасыңар, силер БШКга кайрылмайынча силердин арызыңарды карабайбыз деп алар да баш тартты.

Биринчи күнү Свредлов райондук шайлоо комиссиясына биздин балдар барса, кароолчу чыгып, эч ким жок, эч ким иштебейт деп киргизбей койду. Айлабыз кеткенде макул деп көчүрмөлөрүн БШКга берсек, алар кеч берип атасыңар дешти.

Мунун баары процедураларды бузуу болуп саналат. Үч күн бар бизде, үч күндүн ичинде биз БШКга кайрылабыз, эгерде ал баш тартса, биздин дагы үч күнүбүз бар. Үч күндөн кийин БШК карагандан кийин биздин сотко кайрылганга акыбыз бар.

Ошол процедураларды биз эмес эле БШКнын мүчөлөрү өздөрү бузуп атпайбы. Ошон үчүн ар кандай көп шылтоолор табылып, арыздар каралбай жатат.

- Добуш берүү убагында да мыйзам бузуулар болуп жатса участкалык шайлоо комиссиялары буга кайдыгер мамиле жасап, байкоочулар түзгөн актыларга кол койбой коюшканы тууралуу да маалыматтар айтылды эле. Андан тышкары кечээ эл аралык байкоочуларга компетентсиз деп баа берди БШК. Сиз буга кандай пикир айта аласыз?

- БШК билиши керек, ЕККУ деген бул эл аралык чоң авторитеттүү уюм. Ал жерге бир нече өлкөлөрдөн авторитеттүү лидерлер келип байкоо жүргүзөт. Дүйнө боюнча ЕККУнун миссиясынын берген баасы абдан маанилүү. Ошон үчүн муну БШК “мышык майга жетпей сасык деп айтат” дегендей болуп жатат. ЕККУ деген жалгыз эле Радмила Шакиринска, же Алекиненко эмес, бул деген килейген Европа өлкөрүнүнүн биримдиги.

- Маегиңизге рахмат.