Аунг Сан Су Чи 5 жылга түрмөгө кесилиши ыктымал

Мьянма оппозициясынын лидери Аунг Сан Су Чиге байланыштуу өкүм ушул жума күнү чыгарылат деп күтүлүүдө. Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси үй камагынын эрежелерин бузду деп айыпталып, 5 жылга түрмөгө кесилиши ыктымал. Су Чи үй камагында 13 жылдан бери кармалып келди. Анын тарапкерлери аскерий режим төбөлдөрү Су Чини эмки жылкы шайлоонун алдында абакта кармоонун жолдорун издөөдө деп ырасташууда.