“Ак Арча”: Бакиевдин 100 миң добушу уурдалды

Бул тууралуу “Ак Арча” коомдук кыймылы тараткан билдирүүдө айтылат. Анда азыркы президент Курманбек Бакиев 25-июлда 1 миллион 817 миң 692 добуш алса, азыр анын 1 миллион 720 миң 421и эле калганы билдирилген. Добуштар санала баштаганда азайбай эле пайыздык жактан өзгөрүшү керектиги, ар бир протоколдон кийин добуштар алтүгүл көбөйүшү керектиги белгиленген. К. Бакиевдин добуштары азайып, ал эми "Ак шумкар" партиясынан талапкер Темир Сариевдики дароо көбөйүп кетиши тууралуу ачык маалымат беришин Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылышты. БШК азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)