Ахмед Омар Абу Али өмүр бою эркинен ажыратылды

АКШ президентине кол салууну даярдаган Ахмед Омар Абу Али өмүр бою эркинен ажыратылды. Ахмед Алиге “Ал-Каида” террордук уюму менен байланышта болгон жана АКШ президенти Жорж Бушка кол салууга даярданган деген айыптар коюлду. 2006-жылы Ахмед Али 30 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ахмед Омар Абу Али АКШда туулуп, өскөн.