Өлкөнүн саламаттык министрлигине ылайык, 30 жаштагы киши өткөн ишембиде көз жумду. Саударапстанда бардыгы болуп чочко тумоосуна 232 киши чалдыккан, бул араб өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүч. Жылына Кыргызстандан 4 миңден ашуун, дагы башка өлкөлөрдөн жүз миңдеген мусулман динзарлар барган Саударапстанга араб мамлекеттери балдарды, карыларды, оорулуу адамдарды быйыл Мекке зыяратына жибербөө тууралуу чечим кабыл алышты.