Эки талапкер шайлоону легитимсиз деп атады

Президенттике талапкерлер Жеңишбек Назаралиев жана Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда Назаралиев бүгүн өтүп жаткан президентик шайлоону легитимсиз деп атады. Алмазбек Атамбаев шайлоону легитимсиз деп таанууга коомчулукту үндөп, элди бүгүн кечки саат 20:00 Форум ишканасынын алдында боло турган митингиге чакырды. Митингдин экинчи бөлүгү Максим Горький атындагы паркта өтөөрү кабарланууда. БШКнын төрагасы Дамир Лисовский шайлоо аягына чыга электе эле аны легитимсиз деп атоо негизсиз экенин билдирген. Ал эми оппозициялык талапкерлер Курманбек Бакиев легитимсиз президент болуп шайланаарын айтып, өздөрү мындай мыйзамсыз, адилетсиз шайлоону тааныбоого чакырды. (AiT)