Эки талапкер маалымат жыйынын өткөрөт

Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын кабарлоосуна караганда, президенттике талапкерлер Алмазбек Атамбаев жана Жеңишбек Назаралиев бүгүн саат 16:00дө маалымат жыйынын өткөрүп, анда президенттик шайлоонун жүрүшү боюнча билдирүү жасашат. Алмазбек Атамбаев БШКга бүгүн жасалган кайрылуусунда массалык мыйзам бузуулар шайлоонун легитимдүүлүгүнө күмөн жарата баштаганын билдирген эле.(AiT)