Бишкектеги Университеттик шайлоо чөлкөмүндө саат 12ге чейин эки жүзгө чукул адам добуш берди. Жалпысынан бул участокто 660тан ашуун адам катталган. Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган Социал-демократтар жана “Ак шумкар” партиясынын өкүлдөрү бир эле адамдын бир нече жолу добуш берүүгө аракет кылганын байкашканын , шайлоочулардын дээрлик көпчүлүгү биринчи кабинадан добуш берип жатышканын билдиришти. Бирок мындай дооматты шайлоо участкасынын төрагасы четке какты. Социал-демократтар партиясы бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо максатында мамлекеттик кызматкерлерге жалаң биринчи кабинадан добуш берүү тууралуу буйрук бергенин буга чейин маалымдаган. (EBM)