Иранда оппозиция менен полиция кагылышты

Иранда оппозиция тарапкерлери менен полиция ортосунда кагылышуу болду. Кабарларга караганда, жүздөгөн демонстранттар Тегерандын борборундагы аянттардын биринде чогулушуп, президент Махмуд Ахмадинежадга каршы митинг өткөрүшкөн. Полиция демонстранттарды таратып, 20дан ашуун киши камакка алынган. 20-июлда Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи оппозицияга жаңы нааразылык акцияларын өткөрбөөнү эскерткен. 12-июнда Иранда өткөн президенттик шайлоодон кийин өлкө боюнча массалык нааразылык акциялар башталган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыктары одоно бурмаланган деп эсептейт.