Орус, кытай күчтөрү антитеррордук машыгуу өткөрөт

«Тынчтык миссиясы-2009» деп аталган согуш оюндары Кытайтын түндүк-чыгышында өткөнү жатат. Ар бир өлкөдөн 3 миңдей аскер тартылган машыгуу 27-июлда аяктайт. Машыгуу 22-июлда Хабаровскиде башталып, кийин Байчең шаарына жакын жерде уланат.