А.Атамбаев: Текшерүүдөн өзүн-өзү ууландырды деген жыйынтык чыкмак

Ошондуктан уулангандан кийин медициналык текшерүүгө барбаганын президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, алар 18-июнда Жалал-Абадда бир мейманкананы үч күнгө жалдашкан. Бирок бир түнөп эртең менен тамактангандан кийин мейманкананын ээси аларды мейманканага кайрылып келбөөнү өтүнгөн. “Акман айылына бармакбыз авто унаага отуруп баратып эсимди жоготуп, кайда барып, эмне кылганымды билбей беш-он сааттан ашуун эс учумду жоготуп коюптурмун”,-дейт А.Атамбаев. Ал эртең менен эсине келгенин, кудай колдоп тирүү калганын, ошондон кийин бир дагы мейманканага түнөбөй калганын билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов оппозиция өкүлдөрүнүн мындай окуяларын шайлоо алдындагы пиар катары бааларын айткан. (AJ)