Ошто А.Атамбаевдин үгүт плакаттары сыйрылып, ордуна К.Бакиевдики жабыштырылууда

Бул туурасында Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкеринин Ош шаарындагы экинчи штабынын жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» маалымдады. Анын кабарлашынча, шаардын көрүнүктүү жайларына чапталган Алмазбек Атамбаевдин миңден ашуун үгүт плакаттары жок кылынды. Учурда алардын ордуна президент Бакиевдин сүрөттөрү жабыштырылууда. Мындай жорукту оппозиция өкүлдөрү шаар бийлиги уюштурду деп эсептешүүдө.

Ал эми Ош шаарынын жетекчилиги шайлоого аралашууга мыйзам жол бербестигин айтып, оппозициянын дооматын бийликти эптеп жаманатты кылуу аракети катары баалады. (ATo)