Оппозиция лидерлери БЭКтин президенттике бирдиктүү талапкери А.Атамбаевдин нервтик-паралитикалык уу менен ууландырылганын билдиришти. Бирок Атамбаев ал окуядан кийин медициналык-экспертизадан өткөн эмес.
Саясий атаандаштарды уулантуу тарыхта сейрек эмес. Андай окуялардын эң чуулгандуусу КМШ айдыңында 2004-жылы Украинада орун алганы белгилүү. Украина президенттигине талапкер Виктор Ющенко 5-сентябрь 2004-жылы диоксин менен ууландырылган. Бирок ууландыруу фактысы далилденген менен аны ким жасаганы боюнча тергөө иши ушул кезге чейин аягына элек.
Кыргызстанда болсо Алмазбек Атамбаевдин ууландырылышы боюнча алгачкы жаңжал ал премьер-министр кезинде чыккан. 2007-жылы 11-майда Алмазбек Атамбаев жумуш кабинетинде стаканга куюлган сууну ичкенден кийин ууланганын билдирип чыккан. Бул окуядан кийин Атамбаев Түркияга барып дарыланып келген. Андан кийин быйыл февраль айында мына ошол эле уулануунун залдарына байланыштуу Түркияда операция жасатып, ден-соолугу калыбына келүү жолуна түшкөнүн жарыялаган.
Алмазбек Атамбаевдин уулануусуна байланыштуу экинчи жаңжал азыркы мезгилде жүрүп жаткан президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда чыкты.
Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын президенттике талапкери Алмазбек Атамбаев 20-июнда Жалал-Абадда шайлоочулар алдына өтө начар абалда чыккан. Атамбаевди коштоп жүргөн Азимбек Бекназаров “Атамбаевди дубалап салышкандыгы” жөнүндө билдирген.
Бирок 16-июлда БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Эмилбек Каптагаев Алмазбек Атамбаевдин 20-июнда ууландырылгандыгы тууралуу билдирүү жасады:
- Бул факт. Ал ууланган. Нервтик-паралитикалык уу менен ууландырылган. Азыркы кезге чейин анын сүйлөө жана кыймыл-аракетти координациялоо жөндөмү калыбына келе элек. Ага карабай ал кайратынан жазбай жолугушууларды улантып келатат. Тилеке каршы биз ким жана качан жасаганын билбейбиз. Бирок жасалганы факт. Анын кыйыр далилдери арбын. Алардын бири, атайын кызматтардын жана бийликчил журналисттердин Атамбаев мейманканадан чыккандан баштап эле камерага тартууга даяр турушканы.
Саясат таануучу, коопсуздук багытындагы адис Орозбек Молдалиев Алмазбек Атамбаев “ууланууларга жакын” деген пикирин айтып, андай факты болсо медициналык текшерүүлөрдөн өтүш керек эле дейт:
- Дароо кайрылыш керек болчу. Медициналык экспертизадан, химиялык экспертизадан өтүш керек болчу. Кандын анализи алыныш керек эле.Андан кийин кимдер тарабынан жасалыш мүмкүндүгү иликтениш керек болчу. Ал жагы жок болуп жатпайбы. Аны кийин билип калдык деп жатышат. Аны деле окуядан кийин аныктаса болот, кимге барган, каерден тамак ичкенин, кимдер келгенин сурап тактаса болот.
Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаев медициналык текшерүүлөрдөн өтүүгө ал кезде мүмкүнчүлүк болбогонун белгилеп, бирок ууландыруу болгону тууралуу шек бар экенин атады:
- Албетте шек бар. Анан өзүңөр билесиңер Жалал-Абадда ар кандай бут тосуулар, түшүнүксүз нерселер көп болуп жатты. Бирок бул боюнча экспертизага берген жокпуз. Анткени бизде убакыт болгон жок. Жалал-Абаддан кийин биз дароо эле Ош, Баткенге жөнөп кеттик. Азыркы кезде (Атамбаев) жакшы. Бирок кээ бир кездерде өзүнүн залакасын тийгизип калып атат. Адам катуу чарчаганда билине баштайт экен. Бирок азыр кудайга шүгүр жакшы. Жолугушууларга өзү активдүү катышып жатат, деген Жоомарт Сапарбаев медициналык экспертизадан өтүү маселесин Алмазбек Атамбаев өзү чечерин, мүмкүн ал шайлоодон кийин болорун кошумчалады.