Байкоочулар: кезексиз добуш берүүлөрдө мыйзам бузулууда

Бишкек шаарынын Биринчи май, Свердлов райондорунда мөөнөтүнөн мурда добуш берүүлөр одоно мыйзам бузуулар менен коштолууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” “Интербилим” борборунун башчысы Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында саламаттык сактоо, байланыш кызматкерлери да кезексиз добуш берүүгө келүүдө. Шайлоо Кодексинде кезексиз добуш берүү укугунан милиция, аскер кызматкерлери жана чечүүчү добушка ээ шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү гана пайдаланары көрсөтүлгөн. БШКнын маалымат катчысы Бакыт Жумагулов мындай жагдай тармактарда мыйзам туура эмес чечмеленип жатышынан болушу мүмкүн деп, бул маселеге БШК бүгүнкү отурумунда кайрыларын белгиледи. Кезексиз добуш берүү 15-июлда, ал эми жолдомо аркылуу добуш берүү 9-июлда башталган. (BuS)