Египеттеги жол кырсыгында 11 адам набыт болду

Дагы 10 адам жаракат алды. Полициянын айтымында, туристтерди ташып бараткан автобус жүк ташуучу машине менен сүзүшүп кеткен. Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү – сербиялык туристтер. Египетте жолдордун начардыгынан жана айдоочулардын айдоо деңгээлинин төмөндүгүнөн жол кырсыктары тез-тез кайталанып турат.