Израилдик айрым жоокерлер январ айында Газа тилкесинде сабырдуулукту жоготушканын моюнга алышты

Израилдик укук коргоо тобу жарыялаган докладда сурамжылоого катышкан 30 жөөт аскери командирдин сөзүн угуп, биринчи ок атканын, кийин бутага алынгандар согушкер, же катардагы жаран болдубу деп сарсанаа болгонун айтышкан. Ырасмий Тель-Авив изилдөөнү четке кагып, бирок жоокерлерден түшкөн ар бир арыз дыкат иликтенээрин кошумчалады. Палестина тарап январ айында Израил армиясынын огунан 900дөй карапайым тургун курман болгонун маалымдаган.