Гаагада Либериянын мурдагы президентин соттоп жатышат

Чарльз Тейлор бүгүн Гаага трибуналында сүйлөп жатып, ага каршы коюлган айыптардын баарын «жалган» деп атады. Тейлор Либерия менен чектеш Сьерра-Леондогу граждандык согуш учурунда аскерий кылмыштарды жасаган деп, атап айтканда, адамдарды өлтүргөн, зордуктоого барган, армияга эрезеге жете элек жаш балдарды алган деп айыпталып жатат. Тейлор – Гаага трибуналында соттолуп жаткан биринчи африкалык лидер.