ЖККУга мүчө өлкө башчылары Ысык-Көлгө келет

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкө башчыларынын бейформал саммити 31-июль күнү Чолпон-Ата шаарында башталат. Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Р. Кайыкованын айтуусунда, Оруссия, Түркмөнстан, Белорусия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, жана Кыргызстандын президенттери Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух ордо” маданий комплексинде чогулат. Мамлекет башчылары 1-августта тескей тараптагы Ташкул Керексизовдун “Аалам ордо” комплекси менен да таанышат.

Көлдүктөр бул иш-чарага эрте жаздан бери эле камылга көрүп атат. Чолпон-Ата шаарынын башчысы Н. Насирдинов жашылдандыруу, оңдоо иштерине мамлекет бере турган каражат убада боюнча калганын билдирди. Ошондуктан социалдык объектилерге жумшалчу миллиондогон акча каражаттарын жергиликтүү бийлик тапты. (RB)