Нурлан Мотуев бүгүн телеэрөөлгө жалгыз чыгат

Улуттук телеканалдын жашыруун калууну каалаган кызматкери “Азаттыкка” кабарлагандай президенттикке талапкер УТРК аркылуу болуучу телеэрөөлгө тартылды. Нурлан Мотуев жалгыз өзү катышкан телеэрөөл бүгүн саат 20:20да Улуттук телеканал аркылуу обого чыгарылат.
Нурлан Мотуев менен телеэрөөлгө талапкер Жеңишбек Назаралиев чыкмак. Өзү менен телетаймашка чыгуудан баш тартканы үчүн Н. Мотуев атаандашынын аракетин коркоктук деп баалаган.(ZKo)