Иранда акыркы апталарда 41 журналист жана блоггер камакка алынды

Бул тууралуу Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 10-11-июль күндөрү дагы төрт кабарчы камакка алынган. “Чек арасыз кабарчылар” уюму камакка алынган журналисттердин жакындары көпчүлүк учурларда алар тууралуу маалымат алалбай жатканын билдирди.