Азербайжанда эки блоггерди ээнбаштык үчүн камашты

Бул тууралуу эларалык "Чек арасыз кабарчылар" уюму билдирди. Кабарга караганда, өлкөдөгү белгилүү блоггерлер Аднан Хажи Заде жана Эмин Милли 8-июлда Бакуда түрмөгө отурушту. Ал эле эмес, камоо учурунда аларды камап жатып, токмоктошкону да айтылды.