Чоң сегиздин өлкөлөрүнүн мындай убадасы тууралу Италиянын Аквила шаарында өткөн саммиттин соңунда кабыл алынган билдирүүдө айтылат. Дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү эми алдыдагы үч жылда жакыр мамлекеттердин айыл-чарбасына 20 миллиард доллар инвестиция салганы жатат. Бүгүн аяктаган саммитте ошондой эле жакыр мамлекеттерди чукул жардам менен талаптагыдай камыздоо убадасы да берилди.
Буга чейин Чоң сегиздин өлкөлөрү мамлекеттердин айыл-чарбасын колдобостон, аларга азык-түлүктү тикелей берүүгө көңүл бурушчу. Улуттар уюмунун эсебинде, тойо тамак ичпеген адамдардын саны быйыл дүйнөдө 1 миллиардан ашып кетери күтүлүүдө.
Италиядагы Саммиттин буга чейинки эки күнүндө негизги көңүл дүйнөлүк экономикалык кризиске жана глобалдык жылуулук маселесине бурулган. Чоң Сегиздин тобуна АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Орусия кирет.