Мигранттардан келип жаткан акча 15% азайды

КР миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитетинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында 207 млн. АКШ долларын түздү. Өткөн жылы ушул эле убакытта 240 млн. доллар келип түшкөн эле. Мигранттардан келип жаткан акчанын азайышына каржылык каатчылыктын таасири бар, деп жазылат маалыматта. 2008-жылы сыртта жүргөн кыргызстандык жарандар мекенине 1 млрд. 288 млн. доллар жиберишкен.(ZKo)