Иранда «студенттик көтөрүлүшкө» 10 жыл толду

1999-жылы Тегеран университетинин жатаканасына жасалган чабуулдун айынан өлкө боюнча алты күндүк массалык демонстрациялар өткөн. 1999-жылдын 9-июлунда аталган университеттин студенттери реформачыл маанайдагы «Салам» деген гезиттин жабылышына каршы митингге чыгышкандан кийин, алардын жатаканасына чабуул болгон эле.