Жалал-Абад облусунда күч органдары Т.Сариевдин артынан аңдуу жүргүзүүдө

Аксыдагы жана Ала-Букадагы бүгүнкү жолугушууда бийликти жактаган адамдар тийишме суроолорун беришип, жолугушууну үзгүлтүккө учуратуу аракетин кылышты. Бул тууралуу президенттикке талапкер Темир Сариев "Азаттыкка" билдирди.

"Бирок Аксы, Ала-Бука, Шамалды-Сайдагы карапайым шайлоочулар бийликтин ар кандай тоскоолдуктарына карабай мени колдошоорун билдиришип, добуштарын уурдатпоону өтүнүштү",-дейт талапкер.

Кечээ түнү талапкер Т.Сариев Таш-Көмүр шаарын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. Анын ишенимдүү адамдарынын билдиргенине караганда Таш-Көмүр шаар башчысынын көрсөтмөсү менен каржы полициясы жана коопсуздук кызматкерлери ал түнөгөн үйдүн ээсин коркутуп, “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрүн үйүнөн кетирүү талабын коюшкан.

Таш-Көмүр шаарынын мэри Дүйшөн Мамасалиев эч кимге көрсөтмө бербегендигин жана окуяга тиешеси жок экендигин билдирди.

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабынан президент К.Бакиевге Таш- Көмүр шаар башчысын кызматтан алуу , коопсуздук жана каржы полициясынын кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча кайрылуу даярдаарын билдиришти. (AJ)