Нарында президенттикке талапкер А.Атамбаевге ак боз ат мингизишти

Бул тууралуу Нарындагы “Азаттыктын” кабарчысы Жаркын Ибраева билдирди. Анын айтымында, талапкер А.Атамбаев азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол берип, коррупцияны ооздуктай албай жатканын, мамлекеттик кызматтагылардын “уурулугун” токтотуу зарылдыгын айтты. Ал ошондой эле Ат-Башы районундагы Коргон-Таштагы бажы курулушу убактылуу шайлоо бүткөнчө токтотулушу мүмкүндүгүн белгиледи. Нарын шаарынын Тянь-Шань паркында өткөн жолугушууга келген адамдардын саны СДПнын өкүлдөрүнүн баамында 3,5 миң, “Ак жолчулар” миңдин тегерегинде болгонун айтышууда. Маалыматтарга караганда, талапкер А.Атамбаев үгүт сапарын Кочкор районунда улантууга жөнөп кетти. (AJ)