Кытайдагы Шинжаң-уйгур автономиясынын борбору - Үрүмчүдө жаңы башаламандыктарды болтурбоо максатында коменданттык саат киргизилди. Мындай чара кытайлардын тобу шаардагы уйгурларга таандык дүкөндөрдү талкалагандан кийин кабыл алынды. Кечээ Үрүмчүдө кайрадан башаламандыктар орун алды. Уйгурларга караштуу дүкөндөрдү талкалап жүргөн шамшар-союлчан жүздөгөн хан кытайларды полиция көздөн жаш агызчу газ атып таркатты. Эртелеп 200дөй уйгур, көбүн эсе аялдар 5-июлдагы кандуу окуяга катыштыгы бар деп кармалган 1400дөн ашуун адамды бошотууну талап кылып, көчө жүрүшүн өткөрүштү. Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңсеси тараптарды “чоң трагедия” дагы кайталанбас үчүн тараптарды сабырдуулукка үндөдү.