Москвадагы Черкизов базарында жайгашкан добуш берүү участогу башка жакка жылдырылат

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча базардын жабылып калганына байланыштуу добуш берүү участогун башка жакка уюштуруу маселесин чечүүнүн үстүндө. БШКга бул маселеде КР тышкы иштер министрлиги, Орусиядагы элчилик көмөктөшүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы учурда Москвада иштеп-жашап жүргөн кыргыздарды жашаган, иштеген жерине карап, аймактарга бөлүштүрүү, анын натыйжасында добуш берүү участокторун түзүү маселесин карап жатат.
Москва шаарындагы ири Черкизов базары жабылып калганына байланыштуу мурда анда жайгашкан шайлоо участогунан добуш берип жүргөн кыргызстандык жарандар быйылкы президенттик шайлоодо кайдан добуш берерин билбей жатышкандыгын айтып, “Азаттыкка” кайрылышкан.(ZKo)