Алар мындай кайрылууну президенттике БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда билдиришти. БЭКтен президенттикке аттанган Алмазбек Атамбаев 4-июль күнү Түп районундагы эл менен жолугушуусун 31-майда курултай өтпөй калган жерге уюштурду. Ал жерге миңге чукул эл келип, алар Каркыра жайлоосун кайтарып алуу талаптарын жана 2007-жылы жумуртка менен муш жеген экс-депутаттар Болот Шерниязов жана Өмүрбек Текебаевден кечирим сураарын билдиришти. Белгилеп кетчү нерсе, Балыкчы, Ананьево жана Түпкө чогулган чагымчылар талапкер А.Атамбаевдин сөзүн бир аз уккандан кийин эле кетип калып жатышты. (RB)