Жо Байден АКШ өз аскерлерин Ирактан айтылган датада толук чыгарып кетээрине ишендирди

АКШнын вице-президенти Жо Байден Ирактагы сапары учурунда «Кошмо Штаттар аскерлерин, буга чейин айтылгандай, 2011-жылдын этегине чейин толук чыгарып кетет деп билдирди. Ал, ошондой эле,
Ирактын жетекчилерин өлкөдөгү саясий топтор ортосунда биримдүүлүккө жетиш үчүн бар күчүн үрөөгө чакырды. «Ирак дале стабилдүүлүккө карай оор жол алдында турганын» билдирген Байден, АКШ мында жардам берүүгө даяр экенин айтты.