Жалал-Абат облусунда президент К.Бакиев бир нече ишканаларды ачты

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Таш-Көмүр шаарында жарым кремний заводун ачты. Аталган шаардагы шайлоочулар менен президенттикке талапкер катары жолугушту. Ал өз сөзүндө оппозиция менен сүйлөшүп келгендигин жана мындан ары да сүйлөшүүгө даяр экендигин, алардын алды өкмөт башчысы болгондугун жана көпчүлүгү иштей албастан кызматтан кетишкендигин билдирди. Анын айтымында, 4 жылда бюджет үч эсе өскөн. Коррупция азайгандыктан социалдык-экономикалык акыбал жакшырып, ири өнөр жай курулуштары бүтүүдө. Коррупция төмөнкү кызматтарда азая элек деп айтты президентикке талапкер Курманбек Бакиев. «Ата мекен» партиясынын облустагы тең төрагасы Советалы Сейитбеков Кочкор-Ата шаарындагы жолугушууга тизмеге түшүрүлгөн атайын адамдар чакыртылгандыгын жана коопсуздук жагы өтө күчөтүлгөндүгүн маалымдады. 5-июлда президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин Кочкор-Ата шаарындагы жолугушуусу күтүлүүдө. (YA)