Сириянын лидери Б.Ассад президент Обаманы 4-июль - АКШнын көзкарандысыздык майрамы - менен куттуктады

Сириядагы мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлашынча, Ассад ал катында «Дүйнө азыр чындап эле Обама президенттик өнөктүгү учурунда айткан баалуулуктарга муктаж» деп жазыптыр. Буга чейин сириялык лидер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулоо үчүн президент Обаманы Дамаскка чакырган эле. АКШнын буга чейинки президенти Жорж Буштун администрациясы Сирияны Түндүк Корея жана Иран менен кошо «душман мамлекеттердин» катарына кошуп келген. Андан айырмаланып, азыр Обаманын администрациясы Сирияга карата диалогго келүү саясатын жүргүзүүдө.