Бишкектик шайлоочулар тизме менен алдын ала тааныша алышат

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка ылайык борбор калаанын тургундары 22-июлга чейин өздөрү жашаган жердеги добуш берүү участкаларына барып, өздөрүнүн тизмеге катталган-катталбаганын текшере алышат. Мындан тышкары шаардыктарды тизме менен тааныштыруу үчүн 7,14, 20-июлда “Өзүңдү шайлоо тизмесинен текшер” деп аталган акция болуп өтөт. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шаарда 9 жаңы добуш берүү участоктору ачылды.
2007-жылы 16-декабрда болгон парламенттик шайлоодо жүздөгөн шаардыктар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай, сотко кайрылууга аргасыз болушкан. Муну оппозиция менен бейөкмөт уюмдар бийлик тарабынан атайын шайлоону бурмалоо максатында жасалды, деп сыпатташкан.(ZKo)