Бул тууралуу БЭКтин бирдиктүү талапкеринин штабынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык бүгүн эрте менен А. Атамбаев шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Анын ордуна Улуттук телеканалда боло турган талапкерлердин тегерек үстөл жыйынына ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири барып, катышат.
Бүгүн Улуттук телеканалда болуучу президенттикке талапкерлердин тегерек үстөл талкуусуна талапкер, азыркы президент Курманбек Бакиев да катышпай турганы күтүлүүдө. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда К. Бакиевдин ордуна ишенимдүү өкүлдөрдүн бири катышуусу мүмкүн. Бүгүн президент К. Бакиев Суусамырда өтүп жаткан малчылардын слетуна катышууда. Эртең Таш-Көмүрдөгү кристалл заводунун жана бир катар чакан ГЭСтердин ачылышына катышарын президенттик басма сөз кызматы кабарлаган.
Талкууну уюштуруп жаткан БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев талапкерлердин бардыгына чакыруу жиберилгенин “Азаттыкка” билдирди. Калган талапкерлердин катышар-катышпасы тууралуу маалымат азырынча белгисиз болууда.
(ZKo)