Атайын кызмат эки “Хизбутчуну” кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсү боюнча Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” уюмунун эки активисти кармалды. Анын бири тыюу салынган адабияттарды таратып, экинчиси уюмдун Бишкектеги жашыруун бөлүмдөрүн каржылоого көмөктөшкөн. Экөө тең азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагына салынды.(BD)