Ахмадинежаддын жеңиши ырасталган соң Тегеранда полиция күчтөрү көрүнбөйт

Коомдук тартипти сактоочу полиция күчтөрү Тегерандын көчөлөрүндө жок экендиги Иран башкалаасынан бүгүн түшкөн кабарларда айтылууда. Мунун алдында кечээ өлкөнүн эң жогорку органы – Көзөмөл кеңеш кечээ 12-июндагы президенттик шайлоонун соңку жыйынтыгын бекитип, анда азыркы президент Махмуд Ахмадинежад жеңип чыкканын ырастаган.

Шайлоону 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан берки эң таза деп мүнөздөгөн Көзөмөл кеңеш оппозиция талапкери Мир Хоссеин Мусавинин жактоочуларынын алгачкы толкундоолорунан кийин добуштардын 10% кайра эсептеп чыгууга макул болгон. Ошол кайра санак кечээ аяктады. Ал эми добуштарды бурмалоо кеңири жайылды деп эсептеген Иран оппозициясы добуштар кайра саналбастан, шайлоонун өзү кайра өткөрүлүшүн талап кылып келди. Көзөмөл кеңешинин кечээги билдирүүсүнө караганда, добуштардын бир бөлүгүнүн кайра саналышы эреже бузуулар жөнүндөгү дооматтарды далилдеген жок.

АКШнын Мамлекеттик катчысысы Хиллари Клинтондун айтымында, Ирандын жетекчилиги ички оппозицияга али алдыда да кабылчудай.