Гондурастын утурумдук президенти Роберто Мичелетти эки күндүк чукул кырдаал жарыялады

Кечээ армия солчул президент Мануэл Зелаяны кетирип, бийликти өз колуна алгандан кийин өлкөдө толкундоолор башталды. Президенттик сарайдын айланасында ок атышуу угулуп жатканы кабарланууда. Еврошаркет, АКШ, Улуттар уюму жана Венесуэла өңдүү регионалдык шериктер бул латинамерикалык өлкөдөгү мамлекеттик төңкөрүштү айыпташты. Зелая дагы бир мөөнөт үчүн ат салышуу үчүн референдум өткөрүүгө даярданып жаткан. Президенттин оппоненттери аны бийликти бир адамдын колуна топтооо аракети катары сыпатташкан.