Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Швейцарияга баратат

Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматы билдирет. Премьер-министр Игорь Чудинов баштаган кыргызстандык делегация Швейцарияга бүгүн учуп кетмекчи жана эртең Женева шаарында “Борбор Азиядагы уран калдыктары көмүлгөн жайлар: улуттук көйгөйлөр, аймактык таасирлер, дүйнөлүк чечимдер” аттуу эл аралык форумга катышышмакчы. Аталган эл аралык форум БУУнун өнүктүрүү программасы жана кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулууда. (IJz)