Ооганстанда талиб чабуулунда тогуз полициячы каза болду

Түштүктөгү Хелманд провинциясында талибдер кечээ текшерүү бекетине кол салышкан. Ал эми түн ортосунда мындан 10 чакырым жердеги дагы бир бекетке кол салуудан кийин, бир нече тартип коргоочу дайынсыз жоголууда. Ал эми бүгүн чыгыштагы Лагман дубанындагы жардыруудан жергиликтүү полициянын башчысы сакчысы менен кошо курман болду. 20-августта президенттик шайлоо өткөнү жаткан Ооганстанда кийинки мезгилде мындай кол салуулар көбөйүп кетти.