“Чоң сегиздин” тышкы иштер министрлери Иран бийлигин өлкөдөгү кризисти демократиялык жана тынч жол менен чече албаганы үчүн сынга алды. Италиянын Триеста шаарында өтүп жаткан жыйынга Ирандын тышкы иштер министри да чакырылган. Бирок министр Манучехр Моттаки ага катышуудан баш тарткан. 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин Батыш өлкөлөрү менен Ирандын мамилелери кескин курчуп кетти. Расмий жыйынтыкка ылайык, шайлоодо президент Махмуд Ахмадинежад уткан. Анын атаандашы, оппозиция лидери Мир Хусейин Мусави шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган деп, анын тарапкерлери массалык нааразылык чараларын уюштуруп келишти.