Орусиянын президенти Д.Медведев Африка өлкөлөрүнө иш сапарын улантууда

Бүгүн президент Медведев Анголага келди. Өз сөзүндө Медведев Орусиянын Африканын отун-кубат ресурстарынын Европага ташылышын көзөмөлдөө ниети жок экендигин айтты. Дмитрий Медведев Нигерияда болгон кезинде Орусиянын “Газпрому” менен Нигериянын Улуттук мунай корпорациясы Сахара чөлү аркылуу Европаны көздөй куур төшөө жаатындагы келишимге кол койулган. Буга чейин Африкага сапарынын алкагында Медведев Египет, Нигерия жана Намибияда болуп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүздү.