Мурунку тышкы иштер министри, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Аликбек Жекшенкуловдун соту адвокаттын келбей калганына байланыштуу 3-июлга калды. А. Жекшенкуловду анын тапанчасынан адам өлтүрүлгөн деген шек менен 8-мартта Улуттук коопсуздук кызматы абакка камаган. Ага ошондой эле кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген да айып тагылууда. Оппозиция өкүлдөрү А. Жекшенкуловдун камалышын анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып келишет. (EBM)