Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Хасан Сулаймановдун ишин 2007-жылы июнь айында Свердлов райондук сотунун судьясы Төлөев карап, аны эки жылга көчүрмө колонияда камоо өкүмүн чыгарганын билдирди. Алиеванын маалыматы боюнча сотто Хасан Сулаймановго прокурор айып коюудан баш тарткан. Мына ошого карабай судья Сулаймановду эки жылга кескен. Бирок колонияда ал шартту түрдө эркиндикке чыгып кеткен. Бирок депутаттар бул жерде сот менен прокурор сүйлөшүп алып, ушундай ишке барганын билдирүүдө. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова бул окуяны терең иликтөөнү жана Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады. Ал депутаттардын колдоосун тапты. Белгилүү болгондой Хасан Сулайманов баш болгон куралдуу беш адам УКМКнын жоокерлери менен 23-июнда Жалал-Абадда атышып, анда УКМКнын бир жоокери набыт болуп, бирөөсү жарадар болгон. Террорчу деп шектелген Хасан Сулайманов баш болгон беш киши жок кылынган. Хасан Сулайманов 2006-жылы Кадамжай районунда милицияга кол салган Хусан Сулаймановдун эгизи экенин жана ал Бишкекте кармалып, бирок сот тарабынан бошотулганы тууралуу депутаттар бүгүн парламентте айтып чыгышты.(AiT)