Ж. Жээнбеков социал-демократиялык партиянын катарынан чыгарылды

Партиянын программасына каршы келген багытта иш жүргүзгөнү үчүн Жусупжан Жээнбеков Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын катарынан чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы да бүгүн Жусуп Жээнбековдун депутаттык ыйгарым-укуктарын токтоткон чечим кабыл алды. Белгилүү болгондой Жээнбеков дүйшөмбү күнү депутаттык мандатты таштаганын жана КСДПнын катарынан да чыгып, уулун издөөгө киришерин билдирген. Депутат Жээнбековдун уулу өткөн жылдан бери дайынсыз жок.(AiT)