Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына алты машина берилет

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, бул автомашиналар 1-июлда белгилене турган куткаруучулардын күнүнө карата берилип жатат. Алты "Мерседес"-спринтер куткаруучулардын, медперсоналдардын өздүк курамын ташууга багытталат. Бул техникадан тышкары мамлекеттик өрткө каршы кызматы бул жылы Россиядан 33 өрт өчүрүүчү машиналарын алышкан. Ошондой эле түштүк жана түндүк аймактарындагы өзгөчө кырдаалдарга карата аракет көрүү борборлору жээктерди бекемдөө иштери үчүн 6 заманбап экскваторлорго ээ болушкан. Мындан тышкары министрликтин автопаркы Кытайдан келген 20 оор жүк ташуучу машиналар менен толукталган. (AzK)