Казакстанда Интернетке көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам кабыл алынды

Казак парламенти документти акыркы окууда кечээ жактырды. Эми ага президент Нурсултан Назарбаев кол койсо, соттор мыйзамды бузду деп эсептелген интнернет сайттарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрүн да жабууга мүмкүнчүлүк алат. Мыйзамга ылайык Интернет жана анын баардык ресурстары кадимки маалымат каражаттарына теңештирилет. Бул интернеттеги комментарийлердин авторлору да салттуу маалымат каражаттарынын журналисттери сыяктуу эле кылмыш жана административдик жоопкерчиликти тартат дегенди билдирет.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, документ балдар порнографиясынын, экстремисттик маанайдагы жана башка мыйзамсыз материалдардын жайылтылышын токтотууга багытталган. Ал эми медиа уюмдардын активисттери мыйзам бийликти Интернетте сындалышын чектөөнү көздөйт деп эсептешет.